Бүгүн, 23-июлда өкмөттүк аппараттын жетекчисинин орун басары Каданбай Бактыгулов кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Бактыгулов бул кызматка 2012-жылдын 18-октябрында экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен бекитилген.
Айта кетсек, кечээ, 22-июлда парламенттеги көпчүлүк коалициясы Оторбаевден Ош, Жалал-Абад облустарын кайра калыбына келтирүү боюнча дирекцияда Сатыбалдиев менен бирге иштеген чиновниктерди кызматтан кетирүүнү суранган болчу. Алардын катарында Бактыгулов да бар эле.