Түркияда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары издөөгө алынган жаран Бишкекте кармалды

Түркияда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары издөөгө алынып келген жаран Бишкекте кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 23-июлда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Кыргызстандагы Интерполдун улуттук борбордук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан атайын жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Киев жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинен Туркмен Илхами аттуу жаран кармалган. Белгилүү болгондой, аталган жаран Түркия мамлекетинин жараны жана ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары издөөгө алынып келген.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камалды. Аны Түркияга экстрадициялоо маселеси каралып жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан