Бүгүн, 21-январда саат 10:00дөн 13:00гө чейин Бишкек шаардык прокуратура коррупцияга каршы күрөшүү суроолору боюнча телефон аркылуу түз байланыш уюштурат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Суроолоруңуздар болсо (0312) 32-34-15 жана (0312) 32-34-26 телефондору аркылуу байланышка чыксаңыздар болот.