Нарын шаарына досунукуна барган жаран дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБинен бүгүн, 23-июлда кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, Чүй облусунун Маевка айылынын тургуну Кадыров Нуркалый Жусупович 12-июль күнү Нарын шаарындагы теңтушунукуна барган. Ал жерде түнөп, эртеси чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.
Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан Кадыров Нуркалыйды табуу максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары 17-июлдан бери улантылууда.
Белгилери: Бою - 170-175 сантиметр, төбөсүндө чачы жок, чап жаак, өңү кара тору, мурду кырдач, эриндери орточо. Кийген кийимдери: Башында боз кепка, үстүндө көк спорттук кийим, боз шым, капталында чөнтөгү бар, бутунда күрөң жайкы бут кийим.
Милиция кызматкерлери жогорудагы адамды көргөн-билгендер болсо, төмөндөгү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнүшөт.
Нарын ШИИБи: 102, (03522) 5-09-08, 5-16-38, (0773) 59-12-42.