Жылнаама, 24-июль: Мындан 4 жыл мурун Германияда "Сүйүү парады" фестивалындагы тыгында 21 киши каза болгон

* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы кыргыз фармакологу, токсикологу жана котормочу Абдулхай Алдашев 85 жашында каза болгон. Ал 1918-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылында туулган. Абдулхай Алдашев ветеринария илимдеринин доктору (1965), профессор (1966), Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Ал эки 2-даражадагы Ата Мекендик Согуш, Кызыл Жылдыз, эки Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган. 500дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 20 монография, 11 ойлоп табуунун, 2 окуу куралынын автору. Анын жетекчилиги менен илимдин 10 доктору, 20 кандидаты диссертацияларын жакташкан. 
* Мындан 45 жыл мурун, 1969-жылы теги пуэрто-рикалык болгон америкалык ырчы, актриса жана модельер Женнифер Лопес туулган. Дүйнөгө атагы чыккан америкалык актрисанын балалык күндөрү бий менен байланышкан. 7 жашында бий өнөрүн мыкты өздөштүр­гөн Женни эки жылдан кийин чоң концерттерге катышып, апасын сүйүнткөн. Женнифер Лопес бир канча музыкалык сынактын жеңүүчүсү аталган. Алардын катарында 2 жолу "Грэмми" сыйлыгын утканы бар. 2000-жылдары эң популярдуу ырчылардын бири болуп, 2010-жылы ири реалити шоу деп саналган "American Idol" сынагындагы калыстардын катарын толуктаган. Ал эми 2013-жылы Голливуддагы Даңк аллеясындагы жылдыздардын бирине аты жазылган.
* Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы Германиянын Дуйсбург шаарында "Сүйүү парады" фестивалы өтүп жатканда катышуучулардын көптүгүнөн улам тыгында 21 киши каза болуп, 511 киши жаракат алган. 
24-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан