19-январда «Сот актыларынын үлгүлөрүнүн жыйнагы» китебинин кыргыз тилиндеги 2 томдугу жарык көрдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, бул жыйнак жарык көргөн алгачкы практикалык колдонмо болуп саналат. Бул практикалык колдонмо эки бөлүктөн турат. Жыйнактын биринчи бөлүгүнө жарандык, административдик жана экономикалык иштер боюнча биринчи инстанциядагы сот кабыл ала турган аныктамалардын, чечимдердин жана башка документтердин үлгүлөрү киргизилген. Жыйнактын экинчи бөлүгүнө жазык иштери жана административдик укук бузуу иштери боюнча сот актыларынын үлгүлөрү киргизилген.