КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 23-июлда “Чайна Петрол Компани” ЖЧКсы курган “Жунда” заводунун башкы директору Яо Гао Минь менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар кытайлык инвесторлор тарабынан курулган мунайды кайра иштетүүчү "Жунда" заводунун айланасындагы кырдаалды талкууга алышты.
Жоомарт Оторбаев аталган долбоор өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү экенин айтты. "Коомчулук долбоордун эмне болорун күтүп жатат. Заводдун жетекчилиги алган милдеттенмелердин аткарылышы кечеңдеп жатканы да көрүнүүдө. Сиздер заводду толугу менен ишке киргизүүнү тездетишиңиздер керек. 2014-жылы сиздердин ишкана 300 миң тонна мунайды кайра иштетип чыгышы керек",- деди.