Токмокто өгөй атасы өгөй кызынын убактылуу жашаган батирин өрттөп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 24-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Токмок шаарынын 3-кичи районундагы 5 кабаттуу үйдүн 1-кабатында 1 бөлмөлүү батир толугу менен күйүп кеткен. Бул батирде А.Т. аттуу жаран убактылуу жашап жаткан. Өрттүн себебин иликтөөдө батирди А.Т. аттуу жарандын өгөй атасы Т.Жаныбек атайын өрттөгөнү белгилүү болгон.
Кырсыктын кесепетинен кошуна жашаган 3 адам түтүнгө ууланып, "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген.