Тайванда Пэнху аралында жүргүнчү учак кырсыкка кабылып, 47 киши каза болду. Учактын ичинде жалпы 58 киши болгону айтылууда. Андагы 4 адам экипаждын мүчөлөрү. Ал эми 11 адам тирүү калганы белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
“Матмо” тайфунунан келген коркунучтан улам учак кечигип учкан жана конгон учурда эки ирет жарылып кеткен. Учурда кырсык болгон жерде куткаруучулар каза болгондордун сөөктөрүн топтоп жатышат. Учак "Transasia airlines" компаниясына таандык жана ал 74 жүргүнчүгө ылайыкташып, кош моторлуу болгон.