Жайыт пайдалануучулар жайыт үчүн 2012-жылы 83 миллион 156 миң сом салык төлөгөн. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2011-жылга салыштырмалуу 25,7га пайыз көп. Белгилүү болгондой, “Жайыт жөнүндө” мыйзамды кабыл ала электе жайытты пайдалануучулар жайыт үчүн 8 миллион сом төлөшчү. Жайыт пайдалангандыгы үчүн төлөнгөн салыктар боюнча Чүй облусу эң төмөнкү, ал эми Жалал-Абад жана Нарын облустары алдынкы көрсөткүчтү көрсөткөн. 2012-жылда Кыргызстанда жайыттарга 984,5 миң ири мүйүздүү мал, 4 миллион 244 миң кой-эчки, 341,5 миң жылкы чыккан.