Ош шаарында кылмыштуулуктун саны өсүүдө. Мындай маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгы таратты. Алынган маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери 1175тен ашуун кылмыш иши катталган. Бул көрсөткүч 2013-жылы 1094ү түзгөн. Үстүбүздөгү жылы катталган кылмыштардын ичинен оор жана өзгөчө оор кылмыштар 156ны түзөт.