Турак жайга салык төлөө мөөнөтү 2-сентябрда аяктайт
КРнын Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, турак жайга салык төлөө мөөнөтү 2-сентябрда аяктайт. Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарларында аянты 80 чарчы метр, башка аймактарда 150 чарчы метр болгон көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер, Бишкек жана Ош шаарындагы аянты 150 чарчы метр, башка аймактарда 250 чарчы метр жер үйлөргө салык төлөнмөкчү. Белгиленген мөөнөткө чейин салык төлөнбөсө, жарандарга 2000 сом айып пул салынарын Салык кызматынан эскертишүүдө.