2015-2017-жылдардын орточо мөөнөттүү мезгилинде өлкөдөгү социалдык туруктуулук макроэкономикалык саясатты ишке ашыруунун маанилүү негизин түзгөндүктөн, Кыргыз Республикасынын 2015-жылга бюджети социалдык багыттагы бюджет болуп түзүлүүдө. Бул тууралуу 23-июлда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2015-жылы социалдык чөйрөнүн чыгымдарынын мамлекеттик бюджеттеги үлүшү 52 пайызды түзүүсү күтүлөт. Жалпысынан 2015-жылга социалдык чөйрөнүн чыгымдарына мамлекеттик бюджеттен 68 миллиард сомду бөлүү пландалат. Анын 14 миллиард сому саламаттыкты сактоого туура келет, билим берүүгө – 25,2 миллиард сом, социалдык коргоого - 25,6 миллиард сом, эс алуу, маданият жана динге – 3,3 миллиард сом.
КРнын Каржы министрлиги Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2016-2017-жылдарга болжолу боюнча коомдук угууларды өткөрүүдө. Иш-чарага Каржы министрлигинин, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, Нарын облусуна караштуу район, айыл жетекчилери, каржы кызматкерлери, облус жана шаар жетекчилери катышууда.