Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды. Феруза Жамашева Кореядагы электрондук сот өндүрүшүнүн өнүккөндүгүн белгиледи жана кореялык кесиптештеринин бул тармактагы тажрыйбасын бизде да колдонууну каалады.
Өз учурунда Ким Чанг Гю мырза эки өлкө ортосундагы айыл чарба, медицина жана башка тармактардагы жетишкен ийгиликтер тууралуу айтып, эки өлкө сотторунун ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрөрүн ынандырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.