Баткен шаарында социалдык төлөмдөрдү алуучулардын 96 пайызы банктарга өтүп, социалдык жактан колдоо көрсөтүү банк аркылуу ишке ашырылууда. Бул тууралуу 24-июлда Баткен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Эрмамат уулу Алмазбек билдирди.
Анын айтымында, аталган мекеменин кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
"Бүгүнкү күнгө чейин республикалык бюджеттен мамлекеттик жөлөк пул, социалдык жөлөк пул жана акчалай компенсация үчүн 19 760 800 сом каржылоо болгон. Анын ичинен 17 823 570 сом же 90,2 пайызы банк аркылуу төлөнсө, 1 937 230 сом почта байланыш бөлүмү аркылуу социалдык төлөмдөр берилди",- деди ал.