Башкы прокурор Аида Салянова Кыргызстанда экологиялык прокуратура түзүүнү сунуштады

Башкы прокурор Аида Салянова Кыргызстанда экологиялык прокуратура түзүүнү сунуштады. Украина мамлекетиндеги Днепр дарыясы боюнча түзүлгөн прокуратураны мисал келтирген башкы прокурор мындай прокуратура түзүүнүн зарылчылыгын белгиледи. “Бизде да коргоочу жерлерибиз бар, бир гана Ысык-Көлдү эске алсак да, мындай орган түзүү зарылчыгын түшүнүүгө болот”,- деди ал. Мурда өлкөдө экологиялык прокуратура болгондугун, бирок азыр анын жабылып калгандыгын айткан Аида Салянова “прокуратураны реформалоо долбоору Жогорку Кеңеште депутаттар биздин кадамды колдойт деп ишенебиз”,- деп кошумчалады. Бул сунуш Башкы прокуратуранын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы учурунда айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан