“Мекендештердин бирикмелери мигранттарга жакшы колдоо көрсөтүп жатышат” дейт Эльвира Сариева

“Чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин бирикмелери мигранттарга жакшы колдоо көрсөтүп жатышат”,- деди бүгүн, 24-июлда мекендештердин ассоциацияларынын жетекчилери менен жолугушуусунда КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева.

Анын айтымында, кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны көбөйүп жаткандыгынан улам аларды чет өлкөлөрдө жумушка орноштурууга жаңы механизмдерди ойлоп табуу керек. “Өкмөт мекендештерди бириктирүүнү эске алуу менен жаңы миграциялык саясатты иштеп чыгууда. Анткени бирикмелер мигранттарга керектүү жардам көрсөтүп жатышат”,- деди Э.Сариева.

Иш-чаранын жүрүшүндө бирикмелердин жетекчилери чет өлкөдө эмгектенген кыргызстандыктардын долбоорлорун көрсөтүшүп, диаспоралардын маанилүү ролун баса белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан