Өкмөт башчы Баалуу металлдар департаментинин директору Молдобазар Эркебаевди кызматынан бошотту

Өлкөнүн Каржы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директору Молдобазар Эркебаев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 24-июлда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Эркебаев бул кызматка 2013-жылдын 11-ноябрында мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен келген.

Айта кетсек, 22-июлда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясы Оторбаевден Ош, Жалал-Абад облустарын кайра калыбына келтирүү боюнча дирекцияда Сатыбалдиев менен бирге иштеген чиновниктерди кызматтан кетирүүнү суранган болчу. Алардын катарында Эркебаев да бар эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан