Бүгүн, 24-июлда эртең менен саат 11:00 чамасында Кой-Таш айылындагы №73809-аскер бөлүгүндө аскер асынып алды. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 1995-жылкы аскер Чүй облусунун Кемин райондук комиссариаты тарабынан аскердик кызмат өтөөгө чакырылган. "Бул факты боюнча атайын комиссия түзүлүп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Өлүмгө күнөөлүүлөр жазага тартылышат",- дешти аталган мекемеден.