Учурда 116 жүргүнчү менен абага учуп чыккан Алжирдин “Air Algerie” компаниясынын учагы белгисиз болууда. Учак менен байланыш Нигериянын аймагында үзүлгөнүн компания чет элдик маалымат булактарына билдирди.
Маалыматка караганда, учакта 110 жүргүнчү жана 6 экипаждын мүчөсү болгон. Алардын ичинде Орусиянын да жарандары бар экени, ал Буркина-Фасонун борборунан Алжирге багыт алганы айтылууда. Алжирдин бийлиги учак кырсыкка кабылышы мүмкүн деп билдиришти. Бирок кайсы жерге кулаганы тууралуу так маалымат бере элек. Болжол менен Нигерия мамлекетинин борбору Ниамей шаарына кулашы мүмкүн экендиги айтылды.
Айта кетсек, акыркы бир апта ичинде дүйнө боюнча эки учак кырсыгы катталды. Украинада 17-июль күнү малайзиялык Боинг-777 учагы жарылып, 298 адам каза тапкан. Ал эми 23-июлда кечинде Тайвандын Пэнху аралында ичинде 58 кишиси бар учак кулады. Андан 47 киши набыт болду.