25-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, өлкөнүн бийик тоолуу аймактарында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Чүй облусу. Күндүз +34°C, түнкүсүн +15°C
Талас облусу. Күндүз +31°C, түнкүсүн +9°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +36°C, түнкүсүн +16°C
Баткен облусу. Күндүз +33°C, түнкүсүн +14°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +26°C, түнкүсүн +11°C
Нарын облусу. Күндүз +34°C, түнкүсүн +9°C
Бишкек шаары. Күндүз +33°C, түнкүсүн +17°C