Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк 24-июлда отставкага кетерин билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Раданын отурумунда билдиргенин украиналык басылмалар жазып чыгышты.
"Коалициянын ыдыраганына жана өкмөттүн демилгелерине чек коюлганына байланыштуу отставкага кетем. Жеке өзүм үчүн эмес, өлкө үчүн кыйын кырдаал. Бул өлкө тарыхындагы мыкты башкаруу боло алган жок. Ошого карабастан, өкмөт колунан келгенди жасады. Эгер Украина бүтүндүгүн сактап калса, келекчекте мындай кырдаал кайталанбайт деген үмүттөмүн",- деди ал. Жогорку Рада Яценюктун билдирүүсүн бүгүнкү жыйында карайт.