Кызмат милдетин аткарып жүрүп экс-депутаттын уулу тарабынан токмоктолгон КТРКнын журналисттери Бурулай Пусурманкулова жана Ширин Асанакунова айыпкерди кечирип, жазган арыздарын кайтарып алышканына байланыштуу козголгон кылмыш иши сотко жетпей токтотулду. Бул тууралуу айыпталуучу Айдин Кулбаевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди. "Жабырлануучу тарап жазган арызын кайтарып алышып, буга байланыштуу кылмыш иши дароо токтотулду" деди Айткулов. Эскертип кетсек, 7-январда Бишкектин "Ататүрк" сейил багынын аймагындагы Малдыбаев көчөсүнүн №16-үйүнүн жанынан сюжет даярдап жүргөн журналисттер А.Кулбаев тарабынан токмоктолгон болчу. Окуядан Ширин Асанакунованын баш мээси чайпалып, кылмышка шектүү жаранга "бейбашчылык", "адам денесине зыян келтирүү", "мүлктү талкалоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Сүрөттө
1.Экс-депутаттын уулу Айдин Кулбаев тарабынан токмоктолуп, бирок айыпкерди кечирип, жазган арызын кайтарып алган КТРКнын журналисттеринин бири Ширин Асанакунова.
2.Абактан бошогон Айдин Кулбаев.