Бишкекте 2014-жылы 6 ай ичинде 1186 жол кырсыгы катталып, 44 адам набыт болду

Бишкекте 2014-жылдын январь-июнь айларынын аралыгында 1186 жол кырсыгы катталып, 44 адам набыт болду. Өткөн жылы жогорудагы мезгил аралыгында 1246 жол кырсыгы катталып, 1528 адам жаракат алган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Борбор калаада катталган жол кырсыктары өткөн жылдын 6 айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 4,8 пайызга, жаракат алгандардын саны 5,8 пайызга, каза болгондордун саны 6,3 пайызга кыскарды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматы тарабынан 6 ай ичинде 51 профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле май айында системдеги коррупцияны жоюу максатында 11 аудио-видео жазуучу камералар орнотулду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан