Бишкекте "адамды кыйнап, сууга чөктүрүп өлтүрдү” деген шек менен изделген жаран 8 жылдан кийин кармалды

Бишкекте "адамды кыйнап, сууга чөктүрүп өлтүргөн" деп шектелип издөөгө алынган жаран 8 жылдан кийин кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 25-июлда билдирди.

Маалыматтарга караганда, 2006-жылы Бурхан Буланбеков аттуу жаран достору менен Бишкектеги кафелердин биринде спирт ичимдигин ичип отуруп, өзүнчө отурган башка жаран менен урушуп кетишкен. Мас абалында Буланбеков жана анын достору Темирбаев аттуу жаранды сыртка сүйрөп чыгышып, катуу ур-токмокко алышкан. Муну менен токтоп калбай, аны катуу сабап, кийимдерин чечип Чоң Чүй каналына ыргытып жиберишкен. Темирбаев суудан чыгып келе жаткан мезгилде кайра ыргытып, сабап, жээкке жакындатпай коюшкан. Эртеси, 24-ноябрь күнү Темирбаевдин сөөгү Чоң Чүй каналынан табылган.

Аталган кылмышка шектүү делип жаткан Буланбеков кийин өз аты-жөнүн Азамат Мырсалиев деп которуп алганы белгилүү болгон. Бирок ушул жылдын 22-июлунда борбор калаанын аэропортунан Мырсалиев Азаматка таандык паспортту көтөрүп жүргөн жаран колго түшүрүлгөн.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери уланууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kalin466
2014-07-25 10:28:28
Кудай сактасын ушундай зоокурлордон,жон жерден эле бироонун омурун алган кантип болсун???
+4
kursantbek
2014-07-25 10:43:15
Эми жазаны Катуу бериш Керек кайра коюп жибербей
+3
restreppo
2014-07-25 20:20:38
кан кое бербейт деген чын экен да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан