Бүгүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча соттук отурумда чечим угузулуп жатат

Бүгүн, 25-июлда КРнын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Күзөтүү жана кайтаруу департаментинде 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча соттук отурумда чечим угузулуп жатат. 21-июлда судья Дамир Оңолбеков өкүмдү окуп баштаган. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларда жабыр тарткандардын саны 300дөн ашуун. Аталган окуялар боюнча 28 адам айыпталууда.

Эске салсак, 7-апрель боюнча соттук отурумда мамлекеттик айыптоочулар мурунку президент Курманбек Бакиевди, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы Жаныш Бакиевди жана мурунку премьер-министр Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратууну сураган. Ал эми мурунку президенттин кеңешчиси Эльмурза Сатыбалдиевди күнөөсүз деп табууну өтүнгөн. Буга катар эле мамлекеттик айыптоочулар Нурлан Турсункуловду, Оксана Малеванаяны, Каныбек Жороевди 15 жылга үй-мүлкүн конфискациялоо менен соттоону, УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновду 25 жылга эркинен ажыратууну сурашкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
LISICHKA
2014-07-25 11:35:28
Сот чечими угузулуп жатпай эле,отунуп жатат,суранып жатат эле го,кайдагы окум."Сыртынан соттоп,омур бою эркинен ажыратылды".Ушул дагы чечимби? Кармап келип эл алдында аткыла,ошондо чыныгы окум чыгарган болосунар,эл ошондо ишенет КР-дын сотторуна.
+1
wwwbaxa
2014-07-25 11:46:50
ошондой деген спицок келсе керек да жогоооооооорудан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан