Сот Марат Бакиевди 7-апрель окуяларында адамдардын өлүмүнө тиешеси жок деп тапты

Бүгүн, 25-июлда өткөн сот отурумунда Бишкек гарнизонунун Аскердик соту Марат Бакиевди 7-апрель окуяларында адамдардын өлүмүнө тиешеси жок деп тапты. Тактап айтканда, Марат Бакиев "кызматтык милдеттеринен аша чабуу", "адам өлтүрүү", "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренелери боюнча акталды.

Мурунку президенттин уулу Марат Бакиев УКМКнын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген. 7-апрель окуяларында ал алгачкылардан болуп Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал кызмат ордун таштап кеткендиги үчүн күнөөлүү деп табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ulukmurza
2014-07-25 11:50:46
Анда адамдарды кимдер өлтүргөн экен
0
Lintel
2014-07-25 12:22:02
ulukmurza, Убактылуу бийлик окшойт анда
0
SayKal020101
2014-07-25 12:52:55
ulukmurza, adamdaryndy ubaktyluu okmotun olturgon!!!!jok adamga kunoo artyw onoi da,bir kunu kelip uwundai korgozot go ali BAKIEVDER...
+5
barsa1984
2014-07-25 12:15:33
Соттолуп жаткандар четинен акталып олтуруп акырында бирөө да күнөөлүү болбой,өлгөндөр өзүн-өзү өлтүргөн деп чечим чыгат да сыздаган үй-бүлөөлөр сыздап кала берет....бизде адилет адамдар бийликке келмейинче бул көрүнүш улана берет...
+2
LISICHKA
2014-07-25 14:26:55
Мына тамаша,эми чексинен акталып чыга беришет.Алар акырындап май курсактарды акырындап колго ала башташкан окшойт баары тынчыгандан кийин.Алардан долларлар келе баштаган окшой .
0
Barchun
2014-07-25 14:47:20
Убактылуу окмот чынындале бактылуу окмот болдуда аларды ким сурамак сен олтурдунбу деп ошолорда анан ким?
-1
nasi81
2014-07-25 15:05:30
Кыныр иш кырк жылда билинет дейт. Качан бир мезгилде адилет адам башкарууга келсе билинет, убактылуу окмоттун ыплас иштери. Аллах баарына кубо, мезгил тараза.
+3
kyrgyz.93
2014-07-25 16:31:15
Мен куносу жок деле болсо керек Азыркы бийликтин кунолуудой себеби Атамбаевдин азыр элге кылган мамилеси такыр башкача
0
Akabai
2014-07-25 21:18:20
10жыл бердинер элего не болуп кетти эми
0
Akabai
2014-07-25 21:20:39
Эл козуно деп соттоп койгула эми силерден эмне кетиптир баарыбир кармай албагандан кийин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан