Экономика министри Кадамжай cурьма комбинаты ушул жылы ишке киргизилерин айтты

2014-жылдын экинчи жарымында "Кадамжай сурьма комбинаты" ААКсы ишке киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда экономика министри Темир Сариев 2014-жылдагы аткарылган иштердин жарым жылдык отчёту боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, ишкана чийки заттын жоктугуна байланыштуу азыркы тапта токтоп турат. "Жарым жылда 11,6 миллион сомдук продукция өндүрүлдү. Чийки зат жоктугунан 26,1 килограмм гана сурьма өндүрүлгөн. Негизги чийки зат Орусиядан ташылып келет. Ал жакта сурьманы иштетүүчү ишкана ачылыптыр. Ал эми Тажикстандан алып келүүгө чек аранын жабылышы себеп болду",- деди министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан