Учурда "Экономика министрлигинин имаратында жардыргыч зат бар" деген маалыматтын негизинде милиция кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Министрликтин кызматкерлеринин айтымында, милиция келип, баарынан сыртка чыгууну өтүнүшкөн. Айрым маалыматтарга караганда, имаратка жардыргыч зат коюлгандыгы жөнүндө телефон чалуу болгон. Учурда шаардык милиция имаратты курчоого алып, атайын үйрөтүлгөн иттердин жардамы менен текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат.