Экономика министрлиги: "Жардыргычты кызматкерлерге өчөшүп калгандар коюшу мүмкүн"

Бүгүн, 25-июлда саат 12:30 чамаларында Улуттук коопсуздук кызматына “Экономика министрлигинин имаратында жардыргыч зат бар" деген маалымат келип түшкөн. Маалыматтын негизинде эки сааттан бери Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери имаратты курчоого алып, текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Экономика министрлигинин Макроэкономика башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев бул нерсени атайын министрликтин кызматкерлерине өчөшүп жасаган болушу мүмкүн деген оюн айтты: Түшкө жакын УКМКга бирөө чалыптыр, “Экономика министрлигинин ичинде жардыргыч зат бар” деп. Ошол себептүү шаардык милициядан келип министрликтин кызматкерлеринин баарын сыртка чыгарып, имарат курчоого алынып, азыр текшерүү болуп жатат. Канчага чейин созуларын билбейбиз. Жардыргыч коюлганы чынбы же калпы, текшерилгенден соң билинет. Бирөө “жардыргыч коём” дегидей бул анчалык деле стратегиялык объект эмес. Жашыруун деле эч нерсе жок. Имаратты жардырып кеткенде деле Кыргызстандын экономикасына таасирин тийгизбейт. Кадимкидей эле мамлекеттин имараты. Мүмкүн, айрым кызматкерлерге өчөшүп жасалган же тамашалап жатышат”.

Учурда шаардык милиция имаратты курчоого алып, үйрөтүлгөн иттердин жардамы менен текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
azamat1992kg
2014-07-25 15:49:51
Баары тынч. Бүттү.
0
aigulai
2014-07-25 16:06:25
Башка кыларга жумушу жок бироо чалса керек телефон менен
0
depu
2014-07-25 16:12:40
Чондордун журогу эле тушуп калса керек,пара алган кундору эсине келип
+2
Manasasman
2014-07-25 16:15:51
Кызматкерлерге эмнеге очошмок эле мункун министирди жактырбагандар бардыр да
0
orozaliev86
2014-07-25 16:17:17
Зеркенде эрмек тегенго чон дорду
0
Tynchy28
2014-07-25 16:30:36
баарынан кызыгы тиги шоро саткан кыз жарылбайбы я?
0
aikol87
2014-07-25 18:40:51
Tynchy28, ха ха. Отуруп алып ошол эрмектеп атпадыбы.)))
0
kuba.kq8705
2014-07-25 16:56:52
aparattardy ornotup buttu bolush kerek
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан