Экономика министрлигинен жардыргыч зат табылган жок. Жалган маалымат берген адамдын өздүгү такталууда

Экономика министрлигинин имаратынан жардыргыч зат табылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнист Осмонбаев билдирди.

Осмонбаевдин айтымында, берилген маалымат жалган болуп чыкты, күч органдарынын кызматкерлери имаратты курчоого алып, текшерүү жүргүзгөндө жардыргыч табылган жок.

"Имаратка жардыргыч коюлду" деп саат 12лер чамасында ИИМдин күзөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Бирок жардыргыч табылбагандыктан, азыр маалыматты ким бергендиги жөнүндө иликтөө иштери жүрүп жатат. Колго түшсө, мыйзам чегинде жазага тартылат”,- деди Осмонов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан