Коррупцияга шектелип Транспорт министрлигинин статс-катчысы Mаксатбек Дыйканов камакка алынды

Коррупцияга шектелип Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы Mаксатбек Дыйканов камакка алынды. Ал КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен козголгон кылмыш иши боюнча айыпталууда. Бул тууралуу 25-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө ири коррупциялык мыйзам бузуулар катталганы аныкталган. Жалал-Абаддагы Курулуш башкармалыгы тарабынан 2010-2013-жылдар аралыгында республикалык бюджеттен жол курууга багытталган 22 миллион 11 миң сом мыйзамсыз пайдаланылган. 

Мындан сырткары аталган каражаттын 5 миллион 200 миң сому министрликтеги жооптуу кызматкерлерге ооз басырык катары берилгени маалым болгон. Азыркы тапта кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kursantbek
2014-07-25 19:32:47
ушундай адамдар журушотта Деп коюп жыргап камасаго катуу катуу жаза менен!!!!
-1
Almazbek79
2014-07-25 20:46:35
Ушуга окшогондорду камаса эле өзүбүз митинг ситинг кылып эле чыга калабыз.Высоцкий айткандай, Вор должен сидеть в тюрьме.
0
kursantbek
2014-07-25 21:15:43
жээп алып отурганын карасанар ыймандуу адамдарга окшоп !!!
-1
sagyn01
2014-07-25 22:25:58
Мен прократурага кайрылат елем, бизде озу КР де жебеген чиновник барбы? Болсо бир тизме (список) кылып жарыялап койсо жакшы болмок, билип коёт елек
0
Hatiko
2014-07-25 23:15:00
Интернеттен окуусам, бул киши намаз окуган адам экен, жана ажы. Ушинтип исламга жамынып, акча урдаганын карасан ..
-1
Lintel
2014-07-26 11:12:26
Ким билет мумкун жалган жала болуп журбосун.Жала жабышты биздин бийлик жакшы билетго. Бийликке каршы суйлоп койсо керекта.
0
RNA78
2014-07-26 13:32:48
жебеген жердин астында...
+1
damir_klg
2014-07-27 00:41:05
ушинтип елим жерим дегендерди четен жалган жалаа менен камака алып иштен алып жататко.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан