Жоомарт Оторбаев өткөн жылдын ноябрь айында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Корея Республикасына болгон иш сапарынын жүрүшүндө бир катар макулдашуулар болгонун белгилеп өттү. “Корея Республикасынын биздин өлкөгө болгон кызыгуусу артууда. Бул учурда жогорку деңгээлдеги саясий жолугушуулар маанилүү. Кыргызстанда көптөгөн корей инвесторлорун жана туристтерди көрсөк жакшы болмок”,- деди Оторбаев. Таш-Көмүр шаарында бир ай мурун курулуп баштаган завод тууралуу айтып, ири кореялык инвестордун инвестициясы 100 миллион долларды түзөрүн баса белгилеп өттү. Ал завод ишке киргизилип калса, жылына 75 миллион долларга барабар продукцияны чыгара баштайт. Ошондой эле 1500 жумуш оруну түзүлөт.
Ким Жон Рок акыйкат шайлоо, коррупция менен күрөшүү, демократия жаатында өнүгүүгө таштаган кадамы боюнча эки өлкө окшош экенин айтты.