“Кыргызстандык мигранттардын 70 пайызы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан” дейт премьер-министр

Бүгүн, 26-июлда “Мекендештер-2014” форумунда КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев: “Чет өлкөлөрдө эмгектенген кыргызстандык мигранттардын 70 пайызы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келүүдө, анткени түштүктө мамлекеттик чек аралар жабык болгондуктан, экономика өспөй жатат”,- деп билдирди.

Анын айтымында, республика Бажы биримдигине киргенде чек ара маселелери чечилиши ыктымал. “Орусия Кыргызстан аталган биримдикке кириш үчүн 200 миллион доллар бөлүп жатат. Бул акча каражатка чек аралардагы көзөмөл-өткөрүүчү жайларда лабораториялар курулат. Ал лабораторияларда биздин дыйкандар өздөрүнүн продукцияларын сертификациялап, 170 миллион адамдан турган рынокко чыгара алышат. Бул биздин экономикабыздын өсүшүнө жакшы түрткү болот”,- деди премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан