Кемин райондук прокуратурасы тарабынан теректерди мыйзамсыз кыйдырып, мамлекетке 100 миң сомдон ашуун зыян келтирген орто мектептин мурунку директоруна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 25-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган райондогу С.Кудайбергенов атындагы орто мектептин мурдагы директору А.Ж. жаратылышты коргоо мыйзамына карабай, 19 даана теректи уруксаты жок кыйдырып салганы аныкталган. Натыйжада мамлекетке 102 473 сомдой зыян келтирилип, факты боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "өзгөчө баалуу түркүмүндөгү дарактарды кыюу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.