Орусиянын жаранынан 150 доллар пара алып жаткан жеринен Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу 25-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин алдындагы Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыкка Орусиянын жараны кайрылып, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгындагы коррупциялык схемалар тууралуу айткан. Ал аталган мекеменин жооптуу кызматтагы кызматкери Кыргызстанда ишкерлик жүргүзүүгө уруксат кагазы үчүн 15 миң сом жана 150 доллар талап кылганын билдирген.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жогорудагы министрликтин Ош шаардык башкармалыгынын миграция бөлүмүнүн башчысы өзүнүн иш бөлмөсүндө 150 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып, кылмыш иши козголду. Факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.