Кара-Балта шаардык мэриясынын кызматкерлери "бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонгон" деп шектелишүүдө

Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаардык мэриясынын кызматкерлери "бюджеттик каражаттарды кыянаттык менен пайдаланган жана мыйзамсыз колдонгон" деп шектелишүүдө. Бул тууралуу 25-июлда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМ тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аталган шаардагы мэриянын жооптуу кызматкерлери шаардык кеңеш менен макулдашпай туруп “Суу-каналдын” электр энергияга болгон карызын жабууга 1 миллион 650 миң сом беришкени аныкталган. Жогорудагы каражат оңдоо иштерине багытталышы керектиги белгилүү болгон.

Бул факты боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rashmoll
2014-07-27 03:51:19
Шектенбей эле койгула суудан курук тегирменден бирден мешоктон унду уурдап чыгышат да прокуратура мнен болушуп кутулушат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан