* Мындан 73 жыл мурун, 1941-жылы Лениндин сөөгү Москвадан чыгарылып кетип, кийин мавзолейге кайра алынып келинген. Бул боюнча операция жашыруун түрдө аткарылган.
* Мындан 20 жыл мурун, 1994-жылы Индияда төрөлө элек балдардын жынысын алдын ала аныктоого тыюу салынган. Буга тесттин натыйжасында кыз төрөлүшү белгилүү болгон учурларда аборттун көбөйүшү себеп болгон.
* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы Львовдо авиашоу учурунда дүйнөлүк авиашоу тарыхындагы эң ири кырсык катталган. Су-27 истребители кулап түшүп, натыйжада 77 киши каза болгон.
27-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.