"17-январда Кыргызстандын Германия жана Норвегиядагы элчиси Болот Отунбаев Норвегиянын падышасы Харальд Vге Ишеним грамотасын тапшырды" деп билдирет ТИМдин маалымат кызматы. Жолугушууда Болот Отунбаев Кыргызстанды өнүктүрүүнүн мындан аркы артыкчылыктары, туруктуу экономикалык өнүгүүгө жетишүүнүн жолдору тууралуу маалымат берди. Норвегия падышасы Кыргызстандагы саясий жана экономикалык кырдаал, тоо-кен, энергетика, туризм тармактары тууралуу ой бөлүшүп, өлкөдөгү парламенттик демократияны колдой тургандыгын кошумчалады.