Жылнаама, 28-июль: Мындан 100 жыл мурун 22 миллион адамдын өмүрүн алган I дүйнөлүк согуш башталган

* Мындан 100 жыл мурун, 1914-жылы 22 миллион адамдын өмүрүн алып, 55 миллион киши жарадар болгон I дүйнөлүк согуш башталган. Согуштун келип чыгышына экономикалык империализм, аймактык жана экономикалык талаш-тартыш, соода-сатыктагы кыйынчылыктар, күчтөрдүн бирдей эместиги, европалык державалар бирикмелериндеги ички кырдаал себеп болгон. 1918-жылы 11-ноябрда аяктаган согуштун натыйжасында Орусияда Февраль жана Октябрь революциялары болгон. Ошондой эле Германияда Ноябрь революциясы болуп, Австро-Венгрияда Осмон империясы кулаган. 

* Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы Пакистандын борбору Исламабад шаарына жакын жерде Airbus A321-200 учагы тоого урунуп кулап, өрттөнүп кеткен. Учакта болгон 152 кишинин баары көз жумган.

* Мындан 37 жыл мурун, 1977-жылы Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Ширин Айтматова Москва шаарында төрөлгөн.1997-1999-жылдары Брин Моур колледжинин бакалавр даражасын бүтүргөн. 1998-жылы Япониядагы Эл аралык КРС япон тили боюнча окуу жайынан билим алган. 2001-2003-жылдары Нью Скул университетин гуманитардык илимдер боюнча бүтүргөн. Ал эми 2004-2006-жылдары Сара Лоуренс колледжинен магистрлик даражасын (көркөм жазуу адистиги боюнча) алган. 2010-жылдын ноябрь айынан тартып "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты жана Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон. 

28-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nasi81
2014-07-28 09:34:37
Жер жузундо эч качан согуш болбосо экен. Болуп жаткан кагылыштар токтоп тынчтык болсун. Эч качан бейкуноо наристелер, ак пейилдуу апалар деги койчу жер жузундогу ар бир инсан согуш деген апаатты корбой эле отсок экен. Аллахым ар бир пенденин журогуно ыйман, мээрим, ынсап бере кор.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан