Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматтарга караганда, Жибек Жолу жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен Мерседес-Бенц жана Мазда унаасы сүзүшкөн. Катуу соккудан Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу башкарууга ээ боло албай, жол жээгиндеги дүкөндү сүзүп, унаа өрттөнүп кеткен. Кырсыктан улам Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү, Мазда унаасынын айдоочусу ооруканага жеткирилген.
Унаалар айып жайына токтотулуп, бардык материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлгөнү белгилүү болду.