Ош шаарынын тургуну Бишкекте тоноочулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, милиция бөлүмүнө Бишкек шаарынын Сезим аттуу тургуну кайрылып, Карл Маркс жана Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар 55 миң сомго бааланган уюлдук телефонун күч колдонуп тартып алгандыгын кабарлаган.
Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары Ош шаарынын Ш.С. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери уланууда.