Бишкек-Ош унаа жолунун 170-чакырымында жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Куткаруу кызматынан бүгүн, 28-июлда билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 26-июль күнү Жайыл районунда катталган. Анда күйүүчү май ташуучу унаа менен Хонда Аккорд үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаадагы 4 жүргүнчү каза болуп, бири жабыркаган.