Нигерияда 276 кызды уурдап кеткен согушчандар Камерундун вице-премьер-министринин жубайын барымтага алышты

Апрель айында Нигерияда 276 кызды уурдап кеткен “Боко Харам” террордук уюму Камерундун вице-премьер-министринин жубайын барымтага алышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары бүгүн, 28-июлда кабарлашууда.

Маалыматтарга караганда, “Боко Харам” согушчандары Камерундун Колофата шаарына чабуул жасашып, аталган мамлекеттин вице-премьер-министри Амад Алинин аялын жана бир нече адамды барымтага алышкан. Ал эми вице-премьерди жан сакчылары башка шаарга алып чыгып кеткенге үлгүрүшкөн. Учурда Камерундун Колофата шаарында "Боко Харам" согушчандарынын айынан кооптуу кырдаал жаралганы айтылууда.

Белгилей кетсек, апрель айында “Боко Харам” радикал-экстремисттери тарабынан 270тен ашуун окуучу уурдалганы айтылган эле. Кийин Нигерия аскеринин генералы Крис Олуколаде "276 кызды уурдоону уюштурду" деп айтылып жаткан «Боко Харам» экстремисттик уюмунун өкүлү колго түшүрүлгөнүн маалымдаган. Кармалган Бабуджи Яари жаш активисттер менен мамиледе болуп, аскерлердин кадамдары тууралуу маалыматы болуп тургандыгы белгилүү болгон. Ал маалыматтарды "Боко Харам" уюмуна жеткирип турганы аныкталган. Ошондой эле 2011-жылдан тартып Нигериянын түндүк-чыгышындагы бир катар теракттарды уюштурганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
upol92
2014-07-28 17:46:02
Анча кызды не кылышат тооба. Адамдар Га нысап берсин! Алар тируубу кайра табылганбы ???
0
wizard
2014-07-29 11:37:18
Бок харам американын "куурча к "террор уюму. Нигериянын алтын байлыгын акш,европа талап атат, элди кырып атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан