"Мечиттердин бирине орозо битир үчүн орнотулган темир кутудагы акчаны уурдап кеткен" деген шек менен 17 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, 30 жаштагы Кемел аттуу жаран милицияга кайрылып, белгисиз адамдар борбор калаадагы мечиттердин биринен орозо битир үчүн орнотулган темир кутуну сындырып, ичиндеги акчаны уурдап кеткендигин билдирген.
Кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында шектүү катары 17 жаштагы Ислам аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери уланууда.