Таш-Көмүр шаарында жеңил унаа жардан кулап, 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 26-июль күнү саат 22:05 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 445-чакырымында Хонда Фит унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, 30 метр бийиктиктен кулап түшкөн. Анын кесепетинен 2 адам каза болуп, экөө жабыркаган.