Бишкекте милиция кызматкерлерине кол көтөрүп, погонун жулуп алган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Түштүк магистралынан жол-кайгуул кызматкерлерине баш ийбеген Тойота Виндом унаасынын айдоочусу качып кеткен. МАИ кызматкерлери аны 12-кичи райондон кууп жетип токтотушканда, анын айдоочусу унаанын документин берип, качып кеткен. Аз убакыттан кийин жол-кайгуул кызматкерлерине белгисиз жаран достору менен келип, чыр чыгарып баштаган. Жыйынтыгында белгисиз жаран милиция кызматкерлерине күч колдонуп алардын погондорун жулуп алган. Бейбаштыкты токтотуу үчүн бул учурда милиция тарабынан эскертүүчү ок атылган.
Окуя болгон жерден милиция кызматкерлери 26 жаштагы К.А. аттуу жаранды жогорудагы окуяга шектүү катары кармашты. Азыркы тапта ал убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө уланууда.