Ош облусунда 3 унаа сүзүшүп, 1 жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 28-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, 27-июль күнү саат 15:50 чамасында Ош – Исфана унаа жолунун 18-чакырымында оор жүк ташуучу унаа жана эки жеңил унаа сүзүшкөн. Анын натыйжасында 1 жүргүнчү каза болуп, 3 адам жабыркаган.