"Ош базарында" мас абалындагы 2 айымдын бири милиция кызматкеринин бутун тиштеп алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-июлда билдирди.
Белгилүү болгондой, "Ош базарынын" аймагында эки айым уруша кеткен. Аларга милиция кызматкери келип, коомдук тартипти бузбоого чакырганда, алар укук коргоо кызматкерине карата кол көтөрө башташкан. Кийин анын погонун жулуп, айымдардын бири милиция кызматкеринин бутун тиштеп алган.
Андан соң аталган айымдар милиция бөлүмүнө алынып келип, алардын аты-жөнү такталып, экөө тең мас абалында экени аныкталган. Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө уланууда.