Өлкө башчы жалпы кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жалпы Кыргызстандагы мусулмандарды эртеңки, 29-июлдагы Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн президенттик аппараттан билдирди.  

Куттуктоонун тексти:

“Кымбаттуу мекендештер!

Кадырлуу мусулмандар!

Баарыңыздарды Орозо айт күнү менен куттуктайм!

Ыйык майрамды ар бир мусулман зор үмүт, жакшы тилек менен күтөт. Жаратканга тобо келтирип, тазаланууга, жакшылыкка, кайрымдуулукка умтулат.

Жакшы тилектериңер, асыл максаттарыңар кабыл болсун! Орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун!

Жараткан жерибизге тынчтык, элибизге ынтымак, береке берсин!

Айт маарек болсун!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан